Кара-Көлдө чоң жолго 25 тонна күйүүчү май төгүлдү

Бишкек—Ош жолунун 326-чакырымында Ошко күйүүчү май алып бараткан унаадан 25 тонна май жолго төгүлгөн. Кара-Көл шаарынын аймагындагы трассага төгүлгөн май тазаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек—Ош жолунун 326-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан 25 тонна күйүүчү май төгүлгөнүн «Клоопко» кабарлады. Окуя 14-январь күнү кечинде болгон.

Мекеменин маалыматына ылайык, жол тайгак болгондуктан күйүүчү май ташып бараткан унаанын цистернасы оодарылып кеткен.

Окуя болгон жерде ӨКМнин кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

ӨКМден кошумчалашкандай, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: