Милиция кыз кийимчен балага коркутуулар айтылган видеону текшерет

Видеодон скриншот

Бишкек милициясы кыз кийимчен баланы тапанча менен коркутуп, энеден туума жылаңачтанууга мажбур кылышып, «бөтөлкөнү жамбашына киргизүүнү» талап кылышканы тартылган видеону текшере баштады.

Кыз киймчен бала тартылган видео 2018-жылдын январь айында коомдук тармактарда жайыла баштаган. Бирок, милициянын маалыматына ылайык, окуя өткөн жылы августта болгон. Учурда видеодогу бала №1 тергөө абагында, бирок башка иш боюнча.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына милиция балага келтирилген зыянды аныктап, «ал коркуп калган же коркпогонун» изилдеп жатканын айтты. «Жазаны аныктоо үчүн видеонун катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берүү керек», — деди ал.

Видеодо бир нече бала тапанчанын оозу менен кыз кийимчен баланы жылаңачтантууга аргасыз кылышат. Бала байпагынан башкасынын бардыгын чечип, жыныс мүчөсүн колу менен тосот.

Видеодон скриншот

Коркутуп жаткандар ал колу менен эч нерсени жаппай, колун көтөрүүсүн талап кылышат. Андан кийин алар ага бөтөлкө беришип, «аны жамбашына киргизүүнү» талап кылышат, ал эми кылмышкерлердин бирөөсү тапанчаны көрсөтүү менен үчкө чейин санай баштайт.

Видеодон скриншот

«Ата бергиле, мен жамбашыма эч качан эч нерсе киргизген эмесмин», — деп жооп берет бала коркутуп жаткандардын талаптарына. Андан кийин анын жанында тургандардын бирөөсү аны тээп салат.

«Мойнуңа ал, кимсиң сен», — деп сурайт алардын бирөөсү баладан.

«Транс», — деп жооп берет бала.

Жабыркаган баланы канча адам коркутуп, видеого тартылган окуядан кийин эмне болгону так белгисиз, анткени видео баланы сөгө башташкандан кийин үзүлүп калат.


ТЕМА БОЮНЧА: