Ош аэропорту коюу туманга байланыштуу каттамдарды убактылуу токтотту

«Ош» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу ички жана эл аралык каттамдар кармалып турат.

«Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клоопко» кабарлагандай, 14-15 январга караган түнү саат 00:30 чамасында коюу туман түшүп, «Ош» аэропортунда учуу-конуу аракеттери убактылуу токтотулду.

«Ош аэропортунда 15-январга караган түнү коюу туман түшө баштаган. Көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгондуктан, ички жана эл аралык каттамдар убактылуу кармалып турат», — деди Курбанова.

«Ош» эл аралык аэропортунун сайтында маалымдалгандай, Бишкекке уча турган каттамдардан тышкары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана Раменское шаарларына кете турган рейстер да тумандан улам кармалып турат.

Курбанова билдиргендей, 15-январдын таңында Москва жана Иркутск шаарларынан Ошко келе турган учактар Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунун кошумча аэродромуна конушкан. Каттамдар туман тарап, көрүү мүмкүнчүлүгү жогорулашы менен калыбына келтирилет.


ТЕМА БОЮНЧА: