Бабанов «Де-Факто» гезитинен «калп маалыматты» төгүндөөнү талап кылды

Депутат Өмүрбек Бабанов 15-январда «Де-Факто» басылмасынын журналисттеринен өзү жөнүндө чыккан макаланы төгүнгө чыгарылышын талап кылды. Гезит Бабановдун Москвада Жаныш Бакиев жана Мелис Мырзакматов менен болгон ыктымал жолугушуусу жөнүндө материал чыгарган.

Бабанов өзүнүн фэйсбук барагында «Де-Факто» гезитинин журналисттери өзү жөнүндө «калп маалымат» жазышкан деп билдирген. Саясатчы басылмадан төгүнгө чыгарууну суранган.

«Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар», — деп жазган ал.

«Де-Факто» гезити 15-январда «президенттик шайлоодо утулуу ызаасын тарткан» Бабанов кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш жана Оштун мурдагы мэри Мэлис Мырзакматов менен «саясаттагы жана бизнестеги кызыкчылыктарга» байланыштуу ыктымал жолугушкандыгы жөнүндө билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: