Күндүн сүрөтү: Дача-СУ кыштагындагы учак кырсыгынан каза тапкандарды эскерүү

Сүрөт: Даниль Усманов Kloop.kg үчүн

Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан Дача-СУ кыштагында бир жыл мурдагы учак кырсыгынан каза тапкандар эскерилди. Сүрөттөр 2018-жылдын 16-январында кайгылуу окуянын бир жылдыгына арналган иш-чара учурунда учак кыйраган жерге коюлган.

«Боинг-747» жүк ташыган учак «Манас» аэропотуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына 2017-жылы 16-январь күнү эртең менен кыйраган.

Жалпы 39 адам, анын ичинде экипаждын мүчөлөрү курман болуп, ондогон үйлөр жараксыз абалга кептелген. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыяндын өлчөмүн 186 млн сомго баалаган.

Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыктаган эмес.

Тема боюнча: