Сапар Исаков «инвестиция тартуу» үчүн Дүйнөлүк экономикалык форумга барат

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Окмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков Давостогу абройлуу Дүйнөлүк экономикалык форумга барат — ал жакта Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн ишкерлер жана өлкө башчылар менен 20дан ашуун жолугушуу өткөрөт.

Исаковдун Швейцариянын Давосуна сапары 23-январда болот. Ал эми Дүйнөлүк экономикалык форум (WEF) 23-январдан 26-январга чейин өтөт.

Бул Исаковдун 2017-жылдын августунда премьер-министрлик кызматты аркалай баштагандан берки Европа мамлекетине боло турган алгачкы сапары.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнара Төралиева «Клооптун» кабарчысы менен болгон маегинде Исаковдун сапарынын максаты — «инвестиция тартуу, донор уюмдар тарабынан артыкчылык берилген программаларды каржылоону талкуулоо жана эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу» экенин айтты.

«Давостогу быйылкы форумдун күн тартиби — санарип. Ошондой эле, бул "Таза коом" программасын ишке ашырууга байланыштуу тажрыйба алмашуу жана билим алуу», — деди ал.

Кыргыз премьер-министри иш-чаранын расмий бөлүгүндө спикер катарында расмий чыгып сүйлөбөйт — ал WEFтин сайтында көрсөтүлгөн эмес.

Бирок кеңешчинин айтымында, Исаков форумдун учурунда «өлкө башчылар жана дүйнөнүн ири бизнесмендери менен жолугушат». Азырынча ким менен экени так белгисиз, себеби программа «иштелип чыгууда».  

Исаков Давоско эки кеңешчи жана өкмөттүн эл аралык аппаратынын жетекчисинин коштоосунда бюджеттин эсебинен барат. Төралиеванын айтымында, бул тарыхтагы «кыргыз премьерин коштоп барган эң чакан делегациялардын бири» болот.

Исаковго чейин WEFке 2011-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана 2016-жылы премьер-министр болгон Сооронбай Жээнбеков барышкан. Бирок алар Кытайда өткөн «Жайкы Давос» форумуна катышышкан.