Сот куудул Жеңишбек Айтиевди «бейбаштык» боюнча бир жылга шарттуу кести

Ош шаардык соту куудул Жеңишбек Айтиевди «бейбаштык» беренеси менен бир жылдык сынак мөөнөтүнө шарттуу түрдө кести. Айтиев сот өкүмүнө каршылыгы жок экендигин айтат.

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдиргендей, шаардык сот 12-январда ырчы Жеңишбек Айтиевди «бейбаштык» беренесинин негизинде бир жылдык сынак мөөнөтүнө шарттуу түрдө соттоду.

Куудул 2016-жылы бычакталып каза болгон уулунун өлүмүнө шектүүнүн атасына бычак көтөрүү боюнча айыпталган.

«Шаардык сот Жеңишбек Айтиевди 12-январда "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 4 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылсын деген чечим чыгарган. Жыйынтыгында, ага карата шарттуу кесүү беренеси колдонулуп, бир жылдык сынак мөөнөткө шарттуу кесилди», — деди Осмонкулов.

Маалымат катчы кошумчалагандай, өкүм 22-январдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, Айтиев бир жыл ичинде туруктуу жашаган жайын кылмыш жаза аткаруу инспекциясынын уруксатысыз алмаштырбоого жана мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп турууга милдеттендирилет.

Шарттуу соттолгон Айтиев «Клоопко» соттун чечимине нааразы эмес экендигин билдирди.

«Соттун мага чыгарган чечимине каршы эмесмин. Мыйзам баарына бирдей. Болгону кошунам менин ичимде күйүтүм бар экенин сезип, арыз жазбай эле койсо болмок», — деди Айтиев.

Маалыматка ылайык, Айтиев сынак мөөнөт ичинде башка кылмыш жасабай, сот жүктөгөн милдеттерди аткарса, шарттуу кесүү өкүмү жокко чыгарылат.

Жеңишбек Айтиевдин 12 жаштагы уулу 2016-жылы 21-октябрда бычакталып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган кошунасы кармалган. Шектүүнү Ош шаардык соту 2017-жылдын 24-январында өмүр бою эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 1-октябрында Айтиев баласынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган жарандын атасынын оң колуна бычак менен жаракат келтирген. Соттук экспертиза «жеңил» жаракат келтирилген деп таап, ошол эле айда ага каршы "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.