Аксыда 29 жаштагы келин айылдашын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддын Аксы районунда 40 жаштагы эркек кишини бычак менен өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы келин кармалды.

Аксы районундагы Ак-Суу айылында 14-январь күнү спирт ичимдигин ичип олтурган айылдаштардын ортосунда чыр чыгып кеткен. Натыйжада алардын бири, 40 жаштагы эркек киши бычактан жаракат алганын ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев «Клоопко» маалымдады.

Осмонбаев кабарлагандай, жаракат алган киши ооруканага жетпей көз жумган.

«Аймактык ооруканага жетпей жолдон Ак-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну каза болгондугу аныкталган. Аталган кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды», — деп билдирди Осмонбаев.

Шектелип кармалган келинге «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Аксы райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: