Белизгейт: «Ата Мекендин» депутаттары сотто УКМКнын башчысына утулуп калышты

Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов жана мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев сотто УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Алмаз Үсөновго утулуп калышты. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Сегизбаев менен Үсөновду «Ата Мекендин» депуттары жөнүндө жалган маалыматтарды таратуу боюнча күнөөлүү деп тапкан жок — бул туурасында «Клооптун» кабарчыларына партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

Анын айтымында, сот «Ата Мекендин» өкүлдөрүнүн катышуусусуз өткөн.

«Бизге чечим жөнүндө өткөн аптада Биринчи май райондук соттун катчысы билдирген. Бирок биз отурум качан өткөнүн билбейбиз жана азырынча сот чечиминин көчүрмөсүн ала элекпиз», — деди ал.

«Ата Мекендин» үч депутаты 2017-жылдын март айынын ортосунда ыктымал Белиз мамлекетинен келген документтердин жайылтылганы үчүн Сегизбаев менен Үсөновду сотко берген.

Бул документтерге ылайык, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова 2010-жылы «Мегакомдун» акцияларынын сатылышына ыктымал кызыкдар болушкан. Анда парламентарийлер Белизден келген документтердин аныктыгын четке кагышкан.

Текебаев өзүнө келтирилген моралдык зыян үчүн 60 млн сом өлчөмүндө кун төлөп берүүнү талап кылган.

Парламентарийлер Үсөнов менен Сегизбаев алардын «Мегакомдун» сатылышына кызыкчылыктары бар деген билдирүүсүн төгүнгө чыгарууларын талап кылышкан.

Белизгейт

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев 14-ноябрда ал учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевге Белиздеги Wrobel&Co компаниясынын трасттык документтерин көрсөткөн.

Сегизбаевдин айтымында, документтер Белиздин расмий органдарынан алынган жана болжол менен Максим Бакиевге таандык болгон Southfield Management Inc. оффшор компаниясы тууралуу маалыматты камтыйт.

2012-жылы ал компания «Мегаком» уюк операторунун 50 пайыз акцияларына ээлик кылган жана аларды 50 миллион долларга сатууну пландаган.

Документтерге ылайык, Текебаевге, Саляновага жана Шыкмаматовго компаниянын акцияларынын 22 пайызы таандык болгон жана алар «Мегакомду» сатуудан пайда көрүшмөк.

Бирок Southfield Management Inc. «Мегакомдун» акцияларын сата алган эмес, анткени алар мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Белизден келген документтер жөнүндө иш Атамбаевди жигердүү түрдө сынга алышкан үч депутатка карата алгачкы кылмыш иши болгон. «Ата Мекенчилер» Атамбаев сунуштаган Конституцияга өзгөртүүлөргө каршы чыгышкан.

Кийинчерээк бардык үч депутатка тең кылмыш иштери козголуп, айыптоо өкүмдөрү чыгарылган. Учурда Текебаев абакта жаза мөөнөтү өтөп жатат, ал эми Салянова менен Текебаевдин иштери боюнча соттук териштирүүлөр азырынча аягына чыга элек.


ТЕМА БОЮНЧА: