Чолпонат-Атадагы ат майданды реконструкция кылган башкы жалданмачы 6 жылга соттолду

Сүрөт видеодон скриншот

Бишкек шаардык соту Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна (ДКО) карата ат майданды реконструкция кылууда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан жана контрабандага айыпталган «Темир Канат» компаниясынын иши боюнча чечим чыгарды. Компаниянын башчысы Эркин Мергенбаев мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен алты жылга кесилди.

2017-жылдын ноябрынын ортосунда Бишкек шаардык соту 2014-жылы Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги ат майданды реконструкциялоодо контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн «Темир Канат» компаниясынын башчысы Эркин Мергенбаевди күнөөлүү деп тапкан.

Сот Мергенбаевди мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына алты жылга кесүү өкүмүн чыгарды.

Ал эми Мергенбаев өзүнүн күүнөсүн мойнуна албай, бийликти жана ал кезде президенттик аппаратта иштеп, ДКОнун даярдыгын жетектеген Сапар Исаковду кошуп, ага аткарылган жумуш үчүн тийиштүү акчалардын бардыгын төлөбөй коюшту деп айыптаган.

«Тергөөнү, сот тутумун жана башка органдарды кошуп толугу менен көзөмөл жүргүзүлүүдө. Сапар Исаков дагы таасирин тийгизип жатат. Судьялар менин адвокатыма президенттик аппараттан чалышты жана эгерде Мергенбаевдин пайдасына чечими чыгарылса силерге жөнөкөй болбой калат деп айтышыптыр», — деп билдирген 2015-жылы ишкер.


ТЕМА БОЮНЧА: