Полго төшөлгөн туу: Музейдин мурдагы кызматкери жетекчини айыптоодо

Жерге төшөлгөн туу. Сүрөт: Аширали Маразыков

«Сулайман-Тоо» музейинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков мекемени оңдоп-түзөө иштеринде мамлекеттик туу полго төшөлгөнүн айтып чыкты. Тарыхый музей комплексинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев Маразыков кызматтан кеткени үчүн өч алгысы келип жатат деп эсептейт.

Саат 20:18де жаңыртылды

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый комплексинин мурдагы кызматкери Аширали Маразыков музейди оңдоо иштеринде мамлекеттик туунун полго төшөлгөн сүрөттөрүн 9-январда коомдук желеде жарыялаган. Ал муну менен музейдин жетекчилиги усталарга ремонт иштеринде желекти колдонууга уруксат берди деп айыптоодо.

Маразыков «Клоопко» билдиргендей, туунун жерде жаткан сүрөттөрү 2017-жылдын 25-сентябрында «Сулайман-Тоо» музейинде ремонт жүрүп жаткан учурда тартылган.

«Сүрөттөр музейдин жер төлөөсүндөгү иш бөлмөлөрдүн биринде сүрөткө тартылган. Иштеп жаткан усталардан "эмне үчүн тууну жерге төшөп алдыңар" деп сураганмын. Алар “бизге завхоз менен музейдин жетекчисинин орун басары уруксат беришти” деп жооп узатышкан», — деди Маразыков.

Аталган музейдин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев Маразыков сүрөттөрдү өч алуу максатында таратып атат деген божомолун «Клоопко» айтты.  

«Аширали Маразыков желектин полго төшөлгөн сүрөтүн чыгарып, ээлеген кызматынан кеткендиги үчүн өч алуу максатында жасап жаткан болушу мүмкүн. Азырынча сүрөт "Сулайман-Тоо" музейинде тартылгандыгы анык эмес», — деди Кангелдиев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан азырынча музейдеги жерге төшөлгөн желек боюнча арыз менен эч ким аларга кайрыла элек экенин билдирди.

«Мамлекеттик гербди же желекти мазактоо» беренеси менен айыпталгандар 5 миңден 10 миң сомго чейин штраф төлөп, же бир жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.