Сот активистти «Фэйсбукта» депутаттан кечирим суроого милдеттендирди

Депутат Дастан Бекешев менен активист Мавлян Аскарбеков.

Жогорку сот активист Мавлян Аскарбековду КСДПнын депутаты Дастан Бекешевдин алдында кечирим сурап, фейсбукта өзүнүн постун төгүндөп жазууга милдеттендирди. Буга чейин Аскарбеков Бекешевди ал азиздер жана дүлөйлөр коомунда «укуктук башаламандык жаратууда» деп айыптаган.

Жогорку сот Бекешевдин сөздөрүнө ылайык 17-январда өзүнүн токтомун чыгарды. Бирок Аскарбеков өзү отурумда болбогонун жана сот чечимин албаганын айтууда.

Бекешев «Клооптун» журналистине билдирдиргендей, сот чечими Аскарбековду өзүнүн алдында фэйсбукта кечирим суроого милдеттендирет жана ошол эле учурда бул пост «достору үчүн» эмес бардыгына ачык болушу керек.  

«Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарды. Мен андан [Аскарбековдон] акча сураган жокмун, болгону ачык кечирим суроону сурадым. Ал бул нерсени кылган жок. Эми жогорку инстанциянын чечими боюнча Аскарбеков ачык кечирим суроого милдеттүү», — деп маалымдады депутат.

Ал эми Аскарбеков өзү «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, ал сот чечимин аткарып, Бекешевдин алдында фэйсбукта кечирим сураган, бирок чындыгында, ал өз достору үчүн постту жаап койгонун мойнуна алды.

Активист Жогорку сотко депутат тарабынан «кысым» көрсөтүлгөн деп эсептейт.

«Бул нонсенс. Жогорку сот мындай чечим чыгара алмак эмес. Ал биринчи жана экинчи инстанцияларда арыз берүүчүнүн укуктары бузулган же бузулбаганын гана текшере алмак, ал эми мындай бузуулар болгон эмес», — деди Аскарбеков.

Депутат менен активисттин ортосундагы сот

Дастан Бекешев Мавлян Аскарбековду 2017-жылы жазында сотко берген.

Депутат активисттин фэйсбуктагы постун кемсинткендик деп эсептеген. Аскарбеков Бекешевди дүлөйлөр жана азиздер коомунда «Өзүнүн бир туугандары менен кийлигишип, коркутушуп, кемсинтишип жана укуктук башаламандык жаратууда» деп жазган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Аскарбековду 2017-жылдын 5-январында Бекешевдин ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүү боюнча күнөөлүү деп тааныган.

Сот Аскарбеков фейсбукта төгүндөө жазып, 700 сом штраф төгүшү керек деп токтом чыгарган.