18 жылга соттолгон Чыңгыз Жумагулов абакта бир жыл отуруп эркиндикке чыкты

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкты. Ал 2017-жылдын январында «Киши өлтүрүү аракетин уюштуруу» үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, Жумагулов соттун чечими боюнча 17-январда эркиндикке чыккан.

Алардын маалыматына ылайык, 2017-жылдын июлунда Бишкек шаардык соту Жумагулов үчүн жаза өтөө мөөнөтүн 18 жылдын 13 жылга чейин жеңилдеткен. Андан кийин 2017-жылдын декабрь айында Жогорку сот дагы анын жаза өтөө мөөнөтүн 7 жылга кыскарткан.

Мындан тышкары, Жумагуловго 2016-жылдын мунапысы колдонулган.

«Ошондой эле, ал бул убакыттан бери бир күн эки күн деп эсептелген тергөө изоляторунда отурганы эске алынды. Натыйжада 2017-жылдын январына карата ал өз мөөнөтүнүн жарымын өтөгөн, ошондуктан анын адвокаттары мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу жөнүндө өтүнмө кат беришип, 17-январда ал эркиндикке чыкты», — деп билдиришти ЖАМКтан.

2017-жылдын январында Жумагуловго «Киши өлтүрүү аракетин уюштуруу», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов менен анын өнөктөштөрү шаардын көчөлөрүнүн биринде Бишкетин жаранынын машинасына ок чыгарышып, ал жарадар болгону менен аман калган.

Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин Уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү» деп аташкан. Мындан тышкары, ал президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири болгон.

Ал эми Жумагулов өзү кылмыштуулук жана Көлбаев менен байланыштыгын четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: