Акыл-эсинен жабыркаган аялга айдоочулук күбөлүк берилгени боюнча кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) 2015-жылы II-топтогу майыптыгы бар аялга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилгенин аныктаган. Ал аял Психикалык ден соолук боюнча республикалык борбордо каттоодо турган.

Каржы полициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы Чүй облусундагы авто мектептерди текшерүүдөн кийин аныкталган.

Аталган мекеменин кызматкерлери 2015-жылы Транспорт каражаттарын каттоо департаменти акыл-эсинен жабыркаган аялга айдоочулук күбөлүк бергенин аныкташкан.

«Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран "Инсандыгы органикалык жабыркаган" деген дарты бар II-топтогу майып эсептелип, 2004-жылдан бери Психикалык ден соолук боюнча республикалык борбордо каттоодо турган», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Чүй облусунун прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Каржы полициясы жана башка мекемелер жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн мурдагы жылдан бери премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен авто мектептерди текшере баштаган.

Исаков бир нече өлүмгө алып келген жана чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордо коопсуздукту камсыздоону убада кылган. Жол кырсыктарынын биринде вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын айдоочусу жана жардамчысы каза болушкан. Ошол кезде Жумакадыровго жол коопсуздук маселеси менен алектенүү тапшырылган.

Өкмөт башчысы Патрулдук милиция башкы башкармалыгын (ПМББ) жоюп, жаңы мекеме — Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты (ЖКККББ) түзгөн.

Ошондой эле, Исаков өлкөнүн жолдорунда эреже бузууларды аныктаган камераларды орното турган Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. Бийлик Бишкек менен Ош шаарында орнотула турчу биринчи камераларды январдын аягында сыноодон өткөрүүнү пландап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: