Казакстан: Автобус өрттөнүп 52 адам набыт болду

Сүрөт: tengrinews.kz

Автобус Казакстандын Актөбө облусундагы «Самара — Шымкент» жолунда өрттөнүп кеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, өрттөн улам 52 адам набыт болуп, дагы беш адам аман калган. Каза тапкандар Өзбекстандын жарандары болушкан.

Маалымат саат 15:10до жаңыртылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Казакстан ИИМнин Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин өкүлү Руслан Иманкулов TengriNews басылмасына автобус 18-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да өрттөнүп кеткенин айтты.

«Ikarus үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобус жүрүп бара жатканда өрттөнө баштаган. Автобуста эки айдоочу менен 55 жүргүнчү болгон», — деди Иманкулов.

Nur.kz басылмасы Өзгөчө кырдаалдардын облустук башкармалыгына таянып билдиргендей, автобустун жүргүнчүлөрү Өзбекстандын жарандары болушкан.

Өрт чыккан жерге ыкчам штаб түзүлүп, учурда жабыркандар менен полициянын кызматкерлери, куткаруучулар, врачтар жана психологдор иш алпарып жатышат.