Москвада Саляновдун өлүмүнө шектелген экинчи адам кармалды

Улан Саляновду атып кетишкен үй

Милиция мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген дагы бир адамды кармады. Ал Москвада колго түшүрүлгөн. Кыргыз тарап кармалганды экстрадициялоону сүйлөшүп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү 17-январда Москвада кармалып, камакка алынган.

Учурда укук коргоо органдары шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Милиция Улан Саляновдун өлүмү боюнча биринчи шектүү 2017-жылдын 28-декабрында кармалганын жарыялаган. Кармоо учурунда андан «Макаров» тапанчасы табылган.

Улан Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси, аны 2017-жылдын 6-ноябрында өз үйүнөн атып кетишкен. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон. Саляновдун туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан.

Милиция Саляновго кол салуу болгондон кийин дароо эле өлтүрүүнү «саясий иш эмес» деп билдирген, бирок маркумдун эжеси бул ишти «саясий» деп атаган.

Милицияда Улан Саляновдун өлүмүнүн негизги версиясын «карактоо» деп атаган.

Салянованын «Ата Мекен» партиясындагы үзөңгүлөштөрү менен укук коргоочулар саясий кылмыштуулук боюнча версияны колдоого алышкан. Алар билдиришкендей, Саляновага 2015-жылы башкы прокурор болуп турган кезде коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.

Учурда Аида Саляновага каршы соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: