Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү тапшырды. Алар бюджетти өз алдынча башкара алышат. Буга чейин Жээнбеков 2018-жылды «аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жаырялаган.

Жээнбеков 18-январда 2018-жылдын май айына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «ролун күчөтүү» үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунушташы керек болгон жумушчу тобун түзүүнү тапшырды.

Жумушчу топтун курамына министрлер, депутаттар жана эксперттер киришти. Топту президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов жетектей баштады.

Жээнбеков жергиликтүү бюджеттерди каржылоону көбөйтүүнү жана мамлекеттик органдарга жеринен каражаттарды башкарууга мүмкүндүк берүүнү сунуштады.

Идеяга ылайык, мамлекттик администрациялардын башчылары министрликтер менен мамлекеттик комитеттердин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жумуштан кетире алат.

Президен аны менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтерин дагы күчөтүүнү сунуштады.

Мурдараак Жээнбеков 2018-жылды «аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. Өлкө башчысы мамлекеттик органдарга негизги маселе катары Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүнү тапшырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: