ИИМ: Мас абалында жол кырсыгын жараткан тергөөчү кызматтан алынды

ИИМдин ички иликтөө кызматынын тергөөсүнүн натыйжасында Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Камчыбек уулу Төлөн мас абалда жол кырсыгын жараткан деп күнөөлүү табылды. Ал укук коргоо органдарынан кетирилди.

ИИМдин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Камчыбек уулу Төлөн укук коргоо органдарындагы кызматынан алынганын кабарлады.

Камчыбек уулу Төлөндүн катышуусунда жаралган жол кырсыгын иликтөө менен ИИМдин ички иликтөө кызматы алектенген. Алар жол кырсыгы милиционер күнөөлү деген тыянак чыгарышкан. Ал эми экспертиза майор автоунааны мас абалында айдаганын көрсөткөн.

Тергөөчү катышкан жол кырсыгы-январда болгон. Милиция майор Камчыбек уулу Төлөн мас абалда болуп туруп башка машинага жол бербей койгондугунан улам жол кырсыгы жаралганын аныктаган.

Пожалуй, это трагедия. Самая настоящая. После просмотра данного видео ком в горле, пустота. А что самое ужасное, я не удивлен вообще. Подумаешь, возможно пьяный следователь совершил ДТП и пытался скрыться. Что тут такого, правда? Как он сам сказал: "Это же кырсык!" Выговор? Штраф? Общественное порицание? Не смешите. Просто задумайтесь, что в руках этого человека были сотни судеб. Страшно представить, как он с ними всеми обходился. Что будет после публикации видео? Будет пустота, будут реформы... Я не знаю, как всё это описывать. Что еще говорить. Это наш конец света. И вы всерьез полагаете, что старые патрульные в новой форме в силах остановить этот ужас?

Публикация от Болот Ибрагимов (@bolotibragimov)

Окуя тууралуу тасманы активист Болот Ибрагимов жарыялаган, ошондон кийин ИИМ текшерүү иштерин баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: