Мамэкотехинспекция абанын булгануусунун айынан жеке мончолорду жабат

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция зыяндуу заттардын чыгуу ченеми сакталып же сакталбай жаткандыгын текшерүү максатында Бишкектин конуштарында жеке мончолорду текшере баштады. Эгерде зыяндуу заттардын чыгуу ченемдери жогору болсо алардын ээлерине 30 миң сомго чейин штраф салынат же мончолор жабылат.

Экологиялык коопсуздук боюнча башкы инспектор Камил Султанмуратов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, мекеме Бишкекте жеке мончолорду текшере баштаган.

Анын айтымында, иш жүргүзүү үчүн ири мончолордун Айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин уруксаты болушу зарыл. Султанмуратов мындай мончолордо тазалоочу чыпкалар болушу керектигин жана алардын ээлери экологияны булгоо үчүн кун төлөп туруулары зарыл экенин айтты.

«Эгерде текшерүү маалында инспекторлор ири мончолордун ээлеринде уруксат документтери жоктугун аныкташса, анда аларга 30 миң сом өлчөмүндө штраф салынат», — деди Султанмуратов.

Анын айтымында, штраф салынгандан кийин мончолордун ээлери үч айдын аралыгында эреже бузууларды жоюшу керек. Эгерде кийинки текшерүүлөрдө инспекторлор кайрадан эреже бузууларды аныкташса, анда мончолор жабылат.

Эгерде эреже бузуулар майда мончолордо аныктала турган болсо, анда алардын ээлерине 1000 сомдон 1500 сомго чейин штраф салынат.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына ылайык, ири мончолордун ээлери заманбап чыпкаларды орнотуулары шарт, ал эми майда мончолордун ээлери от жагууда пластик бөтөлкөлөрдү, резина жана тигүү цехтеринин калдыктарын колдонбоштору керек.

Мурдараак патрулдук милициянын кызматкерлери зыяндуу заттардын чыгуу ченеми жогору болгондуктан айдоочуларга штраф сала баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: