Кочкор-Ата: кафедеги чырда теңтушун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарында кафедеги чырдан соң башына сокку жеп каза тапкан 43 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип 45теги атуул кармалды.

Кочкор-Ата шаарында 8-январь күнү кафелердин биринде спирт ичимдигин ичип отурган теңтуштар чырдашып кеткен.

Жыйынтыгында 43 жаштагы жаранды шериги башына уруп, кетип калгандыгы аныкталгандыгын Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынын өкүлү Самара Кыдырова «Клоопко» билдирди.

Кыдырова маалымдагандай, Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген жаран ошол күнү өзүнө келбей көз жумган.  

«Экспертизанын жыйынтыгында, каза тапкан жарандын жүзүндө жана башында соккудан калган тактар бар экендигин аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну 11-январда кармалды» — деди Кыдырова.

Шектүүгө карата «Киши өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА