Кара-Сууда 40 миң сом пара алууга шектелген милиционер акталды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту 2017-жылдын 19-майында 40 миң сом пара алууга шектелип кармалган милиционерди 30-декабрда актады. Айыптоочу өз көрсөтмөсүндө шектүүдөн карыз экендигин айткан.

Ички иштер органынын Кара-Суу районундагы кызматкери 2017-жылдын 19-майында 40 миң сом пара алууга шектелип кармалган. Аталган факттын негизинде УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кара-Суу райондук соту 2017-жылдын 30-декабрында пара алууга айыпталган орто звенодогу милиция башчысын актоо чечимин чыгарганын Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдирди.

«Соттун мындай чечимине шектүүнүн акча талап кылып, аны алып жаткан фактысы жок экендиги негиз болгон. Ошондой эле, арыздануучунун жалган күбөлүк бергендиги аныкталды» — деди Осмонкулов.

Айыптаган тарап буга чейин берген бардык көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан жана шектелген жаранга карыздар болгонун айткан.

«Айыптоочу жаран милиционерге карыз болгонун жана шектүү акчаны кайтарууну эл алдында сурагандыктан жалган көрсөтмө берүүнү ойлогонун билдирди» — деп кошумчалады маалымат катчы.

Райондук сот милиционерди актап, бөгөт коюу чарасын өкүм күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз — үй камагына калтырган.

Учурда Ош облустук прокуратурасы чыгарылган өкүмдү аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанган.


ТЕМА БОЮНЧА: