Видео: Ноокат шаарында мечиттин чатыры өрттөнүп кетти

Ош облусунун Ноокат шаарында 21-январга караган түнү эки кабаттуу мечиттен өрт чыгып, чатыры толук күйүп кеткен. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес.

Ноокат шаарындагы мечиттердин биринде 21-январь күнү саат 3.50 дө өрт кырсыгы катталганын ӨКМнин Ош облусундагы бөлүмүнүн басма сөз катчысы Аваз Айтиев «Клоопко» маалымдады.

«Өрттөн Ош көчөсүндөгү мечиттин 400 чарчы метр аянты, анын ичинде экинчи кабатынын чатыры толук күйүп кеткен», — деди Айтиев.

Ноокат райондук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын үч бөлүмү тартылып, тилсиз жоо эки саатка жетпей өчүрүлгөн.

Кырсыктан жарандар жабыркаган эмес. Өрттүн себеби такталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: