Чычкан дарыясына төгүлгөн күйүүчү майдан жок эле дегенде 1,5 тонна балык кырылды

Бишкек-Ош жолундагы Чычкан дарыясына эки күн мурун төгүлгөн бензин балыктардын массалык уулануусуна себеп болууда.

Жалал-Абаддагы Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов «Клоопко» билдиргендей, Чычкан дарыясынын боюндагы чарбаларда 21-январдан тарта кырылган балыктардын массасы 1,5 тоннадан ашат.

«Бензин Чычкан дарыясынын боюндагы балык чарбалардагы балыктардын массалык түрдө кыйрооосуна себеп болууда. Токтогул райондук атайын кызматтар бул окуяны териштирүүдө», — деди Сатымкулов.

Сатымкулов кошумчалагандай, сууга төгүлгөн күйүүчү майдан ууланган балыктардын саны мындан да көп болушу ыктымал.

Бишкек-Ош автожолунун 264-километринде 20-январь күнү кечинде 38 тонна солярка ташып бараткан унаа Чычкан дарыясына кулап түшкөн эле.

Кырсыктан унаанын ичиндеги үч кишинин бири көз жумуп, жаракат алган экөөсү Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйүүчү майдын канчасы дарыяга төгүлгөнүн азырынча тактай элек.


ТЕМА БОЮНЧА: