Депутаттар «коомдук муктаждыктар» үчүн жер тилкелерин алып коюуну сунушташууда

Парламентарийлер «коомдук муктаждыктар» үчүн кыргызстандыктардын жер тилкелерин алып коюуга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Укук коргоочулар бул мыйзам курулуш компаниялырынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө үчүн «коррупциялык схема» болуп калышы ыктымал деп эсептешет.

Жер кодексине өзгөртүүлөрдө  эгерде «кыймылсыз объекттерин алуу же курулуш документацияларын ишке ашыруу» сөз болуп жатса, мамлекет көп батирлүү үйдүн жанындагы жер тилкесин «мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар» үчүн алып коюушу мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Мисалы, эгерде кайсы бир турак жай же эч ким жашабаган үй генералдык план боюнча жол курула турган же гүлбак түзүлө турган жерге жайгашкан болсо, анда мамлекет үйдүн жанындагы жер тилкесин «коомдук муктаждыктар» үчүн алып коюшу мүмкүн.

«Эгерде бул маселе чечилбесе, калктуу конуштарда жашоо-турмуш үчүн жагымдуу жана жайлуу шарттарды түзүү үчүн генералдык пландарды, курулуш салуу, кайра куруу жана абаттандыруу долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүн болбойт», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

«Биздин укук» (Наше право) фондунун укук коргоочусу Калича Умуралиева парламентарийлер башка альтернатива жок болгон учурда мектептердин, ооруканалардын же электр чубалгаларын курууну шарттаган «коомдук муктаждыктар» деген түшүнүктү бурмалашты деп эсептейт.

Анын пикиринде, айрым депутаттар Бишкекте жер тилкелерин алгысы келген курулуш компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөшүүдө.

«Коррупциялашкан архитекторлор бул жерде көп кабаттуу комплекс же мейманкана турушу керек деген сүрөт чиймелеп берип коё алышат. Бул жер тилкесин тартып алууга негиз болуп калабы? Ошол жерде жашаган адамдар кантишет? […] Куруучулар шаарда кошумча жер тилкелүү болууну каалашат, ал эми жерлер жок калды да», — деди ал.

2016-жылы парламентарийлер Жер кодексине өзгөртүүлөрдү карашкан. Анда мыйзам долбоору эки окууда депутаттардын колдоосун алган, бирок ал коомчулуктун нааразылыгын жаратканы үчүн артка чакыртылган. Укук коргоочулар депутаттарды жеке менчик укугун коргоо боюнча конституциялык жоболорду бузуу боюнча айыпташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: