Жол активисттери ЖКККББнын жетекчисинин орун басарына каршы арызданышат

«Сафари» кыймылынын активисттери Жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловго каршы Башкы прокуратурага арыз жазаарын билдирип чыгышты. Мурдараак Саркулов өздөрүнүн кызматкерлери тартылган видеону уруксатсыз жарыялагандар менен соттошо тургандыктарын айткан.

Активисттер өздөрүнүн кайрылууларын YouTube сайтында жарыялашкан. Анда ЖКККББ милиционерлерди уруксатсыз видеого тарткан жарандар менен соттошо албайт деп айтылган.

Алар «ар бир адам маалыматты оозеки, жазуу же башкача ыкмалар менен жайылтууга укуктуу» деп айтылган Конституциянын 33-беренесине таянышууда.

«Саркулов мындай видеоматериалдарды таратууга тыюу салган норматиктик-укуктук актылардын бир дагы беренесине таянып айта алган жок. Муну менен ЖКККББнын жетекчилиги коомчулуктан жөн гана өз кызматкерлеринин укук ченемдеринен чыккан аракеттерин жашырууга аракет кылууда», — деди активист Орозбек Бейшеналиев.

Активисттер Саркуловго каршы Башкы прокуратурага арыз жазууну чечишип, тилектеш жарандарды кайрылуунун бланктарын толтуруп, ИИМге, президенттин жана өкмөттүн аппараттарына берүүгө чакырышты.

Саркулов 19-ноябрдагы басма сөз жыйынында ЖКККББ өздөрүнүн кызматкерлери тартылган видеону уруксатсыз жарыялаган кыргызстандыктар менен соттошо турганын билдирген.

«Мыйзам жарандар менен кызматкерлер үчүн бирдей. Видеону уруксатсыз ачык жарыялоого тыюу салынат. Биз видео жарыяланган учурда сотко кайрылуу укугубузду да колдонууга укуктуу экенибизди жеткирүүнү каалайбыз», — деп билдирген Саркулов.

«Прецедент» компаниясынын юристтери жарандар патрулдук милиционерлерди ЖКККББнын уруксаты жок видеого тартып, аны интернетке жарыялаганга укуктары бар экенин «Клооптун» кабарчысына айтышкан.  

Алардын айтымында, милиционерлер эгерде видеодо алардын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирилсе, жеке өздөрү сотко кайрыла алышат, бирок ЖКККББнын жетекчилиги бул учурда жарандар менен соттошпоосу керек.