24.kg Жээнбековдун кадыр-баркына шек келтирген макала үчүн кечирим сурады

«24.kg» онлайн басылмасы мурдагы депутат Кабай Карабековдун макаласы үчүн Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурады. Карабеков өзүнүн макаласында «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы» жөнүндө жазган. Басылма макаланы «чындыкка коошпойт, Жээнбековдун ишкердик бедели менен кадыр-баркына шек келтирет» деп атады.

Басылма өзүнүн кечирими менен төгүндөөсүн 23-январда жарыялаган.

Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 22-декабрындагы токтомуна ылайык, сайтка жарыяланган маалыматтар Сооронбай Жээнбековдун ишкердик бедели менен кадыр-баркына шек келтирет жана чыдыкка коошпойт деп таанылды.

Сөз мурдагы депутат Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскер эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген макаласы жөнүндө болууда. Аны басылманын сайтына 2017-жылдын 11-сентябрында жарыялашкан.

Материалда Карабеков «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы, анын ичинде Орусияда террористтик уюм деп таанылган Арабиянын "Социалдык реформалардын коомчулугу" жөнүндө жазган».


ТЕМА БОЮНЧА: