Дарья Удалованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Стриптиз бийлеген бишкектик кыздар кардарлары кандай мамиле кылаарын, кесиби жөнүндө кандай стереотиптер калыптанганын, канча жана кантип акча табышаарын жана катмарланган тоналдык кремдин алдында канча көгалаларды жашырып жүрүшөөрүн айтып беришти.

Ева, 23 жашта: Шыргыйдагы эркекке жанашпаган кыз

Стриптизге кыздар жыргаганынан барышпайт. Негизинен бардыгынын өзүнүн жагымсыз окуялары бар. Мен акча үчүн баргам — анда үй-бүлөмдө абал оорлошуп, шашылыш акча керек болгон.

Ал кезде мен жумушка бараар алдында күнүгө ыйлачумун. Мен 17 жашта элем. Жаш болгондуктан бардыгынан коркчумун — эркектер менен сүйлөшүү тажрыйбам жок болчу жана коркунуч бар эле. Бардыгынан да төштү жылаңачтоо кыйынга турду.

Бул моралдык жаткан алып караганда чынында оор жумуш. Көпчүлүгү түз эле «Соросуңбу» же «Кел, мен сени тартып алайын?» же «Канча турасың?» деп айтышчу. Мен жөн гана туруп кетип калчумун, андан кийин алар менен сүйлөшпөгөнгө аракет жасап же болбосо аларга көңүл бурчу эмесмин.


Мен официантка, промоутер, топчу тиккич жана лагерде насаатчы болуп да көргөм. Бирок стриптиз барынан да кирешелүү болуп калды.


Кийинчерээк мен стрип бардын иштөө системасын, кантип көңүл бурдуруу керек экенин түшүндүм жана жөн гана топлесс (үстүңкү кийими жок) бийлей баштадым. Эгерде мени кармалашса мен урушчумун же жөн гана көңүл бурчу эмесмин. Негизинен менин мүнөзүм оор жана албетте, мен жалаң гана түзүк кардарлар менен иштегенге аракет кылчумун.

Учурда мен бийлебейм, жалыпысынан бир жарым жылдай стрип бийледим. Бул менин алгачкы жумушум болгон жок — буга чейин мен официантка, промоутер, топчу тиккич, үтүкчү жана лагерде насаатчы болуп көргөм. Бирок стриптиз эң кирешелүү болуп калды.

Дарья Удалованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Киреше ар кандай болот. Бир түндө эч нерсе таппай калган күндөр болду, бирок кээде беш миңден, он миңден же дароо отуз миң сом алган учурлар болду. Бирок чогултканга мүмкүн болбоду — анткени ата-энеме жардам берчүмүн. Алар мен эмне менен алектенип жүргөнүмдү билишчү жана каршы болушкан жок — акча абдан керек болчу. Ал кезде алар эмне деп ойлошконун билбейм. Азыр деле билбейм.

Бул чөйрөдөн кеткениме бактылуумун. Бул клубдун администрациясынын катасы — ал жерден администрациянын начар мамилесинен айынан көптөгөн кыздар кетип калышчу. Алар бизге корс мамиле кылып, жада калса кемсинтип, кээде жумуштан чыгарып салабыз деп коркутушчу. Кыздардан турган абдан начар жамаатыбыз бар болчу. Уруштар көп чыкчу: кайсы бир буюмду талашып кетишет, бир туруп кардар үчүн урушушат же бири-бирине жаман сөз айтышат. Кээде мушташка чейин барчу.

Уурулук бар болчу, эмне көрүнсө бүт уурдалчу: акча, телефон, костюм, косметика же ошол эле чач түздөгөн үтүк. Бирок ууру кыздар көпкө кармалчу эмес — алар ачыкка чыгып, дароо эле жумуштан айдалчу.


Бизди адам катары көрбөгөн кем акылдар кездешчү. Бирөөсү мени көтөрүп туруп, диванга ыргытып жиберген, бирок аны менден сүйрөп кетишкен. Башкасы тамекинин калдыгы же тамекинин күлүн салгычын ыргытчу.


Жаңы келген кыздардын көпчүлүгү көтөрө албай кетишчү — мен келгенде мени жемелешчү. Ага сенин башкалардан сулуулугуң жана кымча белдүүлүгүң себеп болчу. Түртүп, сөгүп, «жаңы келип көөп кеткен кыз» же бир нерсени туура эмес кылдың деп айыптап да коё алышат эле. Бирок мен бардыгына бат үйрөнчүмүн, жакшы бийлеп, өз баамды билип, кардарлар менен сүйлөшө алчумун.

Мен, тескерисинче, жаңы келген кыздардын көпчүлүгүн жакшы көрөт элем: аларга жардам берип, өзүн кандай алып жүрүү керек экенин үйрөтүп, эгерде талап кылынса коргочумун. Мен бул стрип экенин жана жаңы жүздөр барга пайда алып келээрин түшүнчүмүн. Себеп дегенде ошол эле кайталанма бийчилер тажатып жиберишет.

Ал эми кардарлар ар кандай болот. Кимдир бирөөсү мага кадимкидей эле катардагы адамга кылгандай мамиле кылып, менден сойкуну көрчү эмес. Бир таң калычтуу кардар бар эле, ал жөн гана менден анын көзүн карашымды сурана берчү. Башкасы мени ага деп атачу. Дагы бири туталанып ыйлап, акырында өзүнө абдан маанилүү болгон билеригин мага белек кылган.


Бир кезде колумду сындырып алып, бир апта ошол бойдон бийлегем — андан кийин сөөктөр туура эмес бүтүп калган.


Бирок бизди адам катары көрбөгөн кем акылдар кездешчү. Бирөсү мени көтөрүп туруп, диванга ыргытып жиберген, бирок аны менден сүйрөп кетишкен. Башкасы тамекинин калдыгы же тамекинин күл салгычын ыргытчу. Негизинен түзүктөрү эле чет элдиктер болчу, биздикилер, жергиликтүүлөр, өзгөчө менттер эң эле сараңдар.

Айрымдары «силер бул жакта бийлеп жатасыңыр, анан эмне үчүн уландысы болбойт?» деп дооматтанышаар эле. «Ажыдаар болуп кетип бербей калдыңар» деп айтышчу. Бирок мага бизде чыныгы стрип болгону жакчу, башкалардай «келдиң, тандадың жана алып кеттиң» эмес. Эң кызыктуусу — мен ошол жерде иштеп жүргөн убакыттын ичинде, мен жана дагы эки кыз, кыз бойдон калдык.

Мен бийлеп жаткан маалда дайыма көгала болчумун — өзгөчө бутум, бирок мен кара торумун, ошондуктан көгалам көп деле көрүнө берчү эмес. Бирок оор жаракаттар деле болду. Бир кезде колумду сындырып алып, бир апта ошол бойдон бийлегем — андан кийин сөөктөр туура эмес бүтүп калган. Эми сөөгүм жакшы ийилбей бүгүнкү күнгө чейин ооруйт. Бирок мен дайыма арык жана кымча белдүү болчумун, анткени кеч киргенден баштап таң аткыча бийлечүмүн. Баса, жумуш алдында машыгууга барчумун.


Мурдагы кардарларымдын бири абдан айтканынан кайтпаган адам болчу, ал менин сүйүүмө татыш үчүн көп аракет кылды. Учурда ал менин күйөөм.


Андан кийин мен бошоп кеткен соң кардарлар тынчымды албасы үчүн номеримди алмаштырып салгам. Бирок мурдагы кардарларымдын бири абдан айтканынан кайтпаган адам болчу, ал менин сүйүүмө татыш үчүн көпкө аракет кылды. Учурда ал менин күйөөм. Жашоомдогу жалгызым деп айтсам болот.

Стриптизде иштөө мен үчүн жашоомдогу абдан күчтүү тажрыйба болуп калды. Ал мени чыйралтты: эми мен эмне кааларымды билем, барктайм, жакшы көрөм жана эч качан өзүмдү капалантпайм. Буга чейин мен чүнчүп жүрөөр элем. Ошол жакта өзүмдү ачтым деп айтсам болот. Мен, жада калса, кайтып бармакмын, анткени бийлегенди абдан жакшы көрөм, бирок төшүмдү жылаңачтабайт элем.

Дарья Удалованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Мэллани, 21 жашта: Купуядагы Достоевский

Мен үч жарым жылдан бери бийлеп келем жана стриптизде иштейм деп айткандан уялбайм. Бул жакка өзүм келгем — бул менин алгачкы жумушум болчу. Мен 16 жашымдан баштап эле бул жакта иштей турганымды түшүнчүмүн, бирок стриптизге 18 жаштан баштап гана алышат.

Мектепти мен кызыл диплом менен бүткөм. Эч жакта иштеген эмесмин, болгону туризм боюнча менеджердикке окуп жүрүп, бирок кийин таштап койгом. 18 жашка толгондо, мен дароо эле стрип клубга баргам. Мага чечинүүнү айтышты, көрүштү мени, төшүмдү көрүштү, башталышында деп костюм беришти, андан соң хореограф менен окуй баштадым.

Алгачкы учурдарда мен эч нерсе билбейт элем, денемдин бир аз мен каалагандай болбогонунан уялчумун. Бирок хореограф менен иштегенден кийин баары өтүп кетти. Мен эч качан чечингенден уялчу эмесмин, ошондуктан мага кыйын деле болбоду, бирок шыргый менен бийлөөнү үйрөнүү керек болду. Үйрөнүүгө үч ай убактым кетти, андан кийин биринчи бийлеп чыга турган күнүм келди — абдан толкундандым. Андан кийин бардыгы мен ойлогондон да жеңил өттү.


Эгерде кулап кетип тура албай калсаң, гримёркага жөрмөлөп бар. Эгерде бийлей алсаң, тур дагы бийиңди улант.


Мен эмне менен алектенгенимди бир жыл ата-энемден жашырып жүрдүм — алар мени стрипклубда бармен болуп иштеп жүрөт деп ойлошчу. Бирок менен аларды акырындык менен даярдап, андан кийин стриптиз бийлеп көрүүнү каалап жатканымды айттым. Мен апамдын мээсин жеп, «Кыздар сонун бийлешет, мен дагы бийлегим келет» деп айтчумун. Ал өзү бийлесең бийлеп көр деди. Ызы-чуу болгон деле жок, алар жөн гана бул нерсени кабыл алышты.

Иштеген абдан жагат, бул аягы жок кечелер, аптасына бир күн дем алыш берилет. Эмгек өргүүлөрү деле болуп турат — аны кыйылып атып беришет, бирок мээлерин чага берип алса болот. Жумушта буттарың чарчап, кетип калгың келет, бирок эс алгандан кийин кайра бийлегенге ашыгасың.

Жумушта айрым бир эрежелер бар: мисалы, кардарлар менен дин, саясат жана улуттар жөнүндө маектешпеш керек. Клубдун ичинде эмне болуп жаткандыгы жөнүндө тышка чыгарбоо абзел.


Кардарлар оор мезгилдерде куткарып кеткен учурлар көп. Бир жолу паспортумду жоготуп алгам — мага аны тез жана акысыз жасатып беришти.


Стриптизер кыз жыгылып, андан пайда болгон көгалаларга даяр болушу шарт. 20 сантиметрди түзгөн шиштака менен дайыма жыгыласың, ал эми шиштака андан жапыс болбошу керек. Эгерде кулап кетип тура албай калсаң, гримёркага жөрмөлөп бар. Эгерде бийлей алсаң, тур дагы бийиңди улант. Клубдагы жарык тоналка менен жабылган көгалаларды жашырууга жардам берет.

Бизди мас болуп алып асылган кардарлардан күзөтчүлөр коргошот, ошондуктан бул кесипте коркунуч жок. Бизди тандалган бир кардар менен болууга мажбурлашпайт. Эгерде сага кимдир бирөө жагымсыз болсо, башкасына кетсең болот, ал эми сен таштап кеткен кардарга башка кыз барат. Кардарлар жөнүндө мен өзгөчө деле ойлонбойм — мен алар менен жатып, бала төрөбөйм да. Бирок кардарлар оор мезгилдерде куткарып кеткен учурлар көп. Бир жолу паспортумду жоготуп алгам. Мага аны тез жана акысыз жасатып беришти. Дагы бир жолкусунда атамдын машинасын талкалап алганда, оңдоп беришкен.

Биз тамаша үчүн дайыма бир гана стриптиз бийлеген кыздардын арасында популяруу ырларды коёбуз. Какшыктап ыр коюу — бул бүтүндөй салт.

Мисалы, «Хочу бабла (Акча керек)»  деген ырды биз клубга өзгөчө сараңдар келгенде коёбуз:

Жана өздөрүн бийик сезип алган кардарлар үчүн:

Бизди «кардарлар менен жатышат» деген түшүнүктөр — карандай калп. Бул нерсенин артынан, жада калса, стрипклубдун жетекчилиги көзөмөлдөйт. Өзүн сунуштаган кыз бар болчу, бирок биздин администратор ага жөн гана «башка жерге барып иште» деп узатып койгон.


Мен 25 жаштан өйдө стриптиз бийлеген кызды көрө элекмин. Бирок мен азырынча 21 жаштамын жана мындан кийин эмне менен алектене турганым жөнүндө ойлонгон жокмун.


Бир жолу кечелердин биринде кардар үч жолу катары менен купуя бий сурам кылды. Мен кайсы бир садист болсо керек деп ойлогом. Кабинага кирсем, ал «Отур, чечинбе. Кел, ыр саптары жөнүндө сүйлөшөбүз?» деди. Биз экөөбүз Драйзерди, Мопассанды жана Достоевскийди талкууладык.

Негизинен кардарлар эркектер, кээде аялдар да келишет. Бул жерде Американын базасы бар кезде дайыма чет элдиктер келишчү — ал кезде кыздар көп акча табышчу. Бирок биз эч качан өзүбүздө тартыштыкты сезбейбиз. Киреше дайыма ар кандай болот, бир түндө эки-үч миң болуп калат. Чынында бул көпкө чейин эмес — мен 25 жаштан өйдө стриптизер кыз көрө элекмин. Бирок мен азырынча 21 жаштамын жана мындан кийин эмне менен алектене турганым жөнүндө ойлонгон жокмун.

Бул жердеги кыздар негизинен турмушка чыгып кетишет, көбүнесе мурдагы кардарларга, же клубдун администрациясына. Мындан кийин эч ким мененджер же кофейняда бариста болуп иштебейт.

Дарья Удалованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Карина, 24 жаш: Эротика жанрындагы бийчи

Мен стриптизге 20 жашымда келгем — анда студент кезим, акча керек болчу. Мурда мен бий менен алектенчүмүн, ошондуктан клубдун администрациясына өзүмдү сатуу кыйынга турбады. Костюм беришти, алардын хореографы менен бир аз иштеп, негизги жумушту баштадым.

Буга чейин мен консультант-сатуучу болуп иштегем, шугариң кылып жүрдүм, бирок бул акча жетпей туруп алды, мындан тышкары иш графиги да мага туура келбейт эле.


Бир түндө 1000 сомдон 10 миң сомго чейин тапса болот, бирок бул кандай кардар — берешен же сараң — туш келсе, ошого жараша болот.


Мына ошентип мен универдеги окумдун акысын өзүм төлөдүм. Кайсыл универ экенин айтпай эле коёюн — баары бир кесибим боюнча эч качан иштеген эмесмин.

Мени стриптиз бийлеген кыз болсо эле эркектер менен акча үчүн жатат деген түшүнүк кыжырымды келтирет. Мен, жада калса, үйлөнөм деп убада кылган кардарлар менен да жаткан эмесмин. Бизде, клубда эгерде акча үчүн секс кааласаң, анда панелге бар деген эреже бар.

Стрипклубда кыздар ошонусу менен жагымдуу — алар сулуу, кыжырдантып коюшу мүмкүн, бирок алар менен секс сатуп алуу мүмкүн эмес. Караганга болот, тийгенге болбойт — администрация бул нерсени дыкат байкап турат.


Клубдун сыртындагы кечелерде кардарларыңдын бирин жолуктуруп каласың — саламдашасың же жада калса чогуу эс аласың. Бирок, эгерде ал аялы менен болсо, аны тааныбагандай түргө салып коём.


Кыздарды сатып алып, кайсы бир жакка түнү бою алып кеткенге болбойт деген нерсеге ишенүүдөн баш тарткан кардарларды клубдан чыгарып жиберишет. Ошон үчүн жумуштун коркунучу жок.

Биз кардарлар жөнүндө ооз ачпайбыз — бул алардын жеке жашоосу. Клубдун тышындагы кечелерде кардарларыңдын бирин жолуктуруп каласың — саламдашасың же жада калса чогуу эс аласың. Бирок, эгерде ал аялы менен болсо, аны тааныбагандай түргө салып коём.

Учурда мага бардыгы жагат. Эгерде бүтпөгөн кечелерден чарчап кетсем жөн гана дем алыш сурап алам. Андан кийин кызыксыз боло баштап, клубга, кыздарга жана кардарларга кайтып келесиң. Мага бардыгы жагат. Стриптиз деген — бул жөн гана чыгып, төшүңдү көрсөтүп коюу эмес. Бул баарынан да жакшы коюлган эротикалык бий.