Видео: Ноокатта чайкана күйүп кетти

Оштун Ноокат районундагы 100гө чукул кишиге ылайыкталган «Алым-Ата» чайканасында өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Жабыркагандар жок.

ӨКМден маалымдашкандай, өрт электр чубалгыларынын туура эмес туташтырылгандыгынан улам чыккан болушу ыктымал.

«Өрткө бөгөт коюу иштерине жалпы үч бөлүм тартылды. Саат 19.30да чектөөгө алынган өрт 21.20да толук өчүрүлдү», — деп айтылат ӨКМнин маалыматында.

Келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: