Бишкек: Бийлик №1 шаардык ооруканынын жаңы имаратын курууга инвестор издеп жатат

Сүрөт Елена Баялинованын фэйсбук барагынан алынды

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №1 оорукананын жаңы имаратын куруу үчүн инвестор издеп жатат. Учурдагы оорукананын имаратын «кыйроо абалында» турганы үчүн буздурулат.

Премьер-министр Сапар Исаков Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Инвестицияларды тартуу жана илгерлетүү боюнча агенттигине Бишкектеги №1 оорукананын жаңы имаратын куруу үчүн инвесторлорду табууну тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Клооптун» журналистине кабарлагандай, имарат буздурулат, анткени ал «кыйроо абалында» турат.

Анын айтымында, шаардык оорукананын жаңы имаратында орундардын саны көбөйүп, ал 400-500 бейтапты кабыл алып калат.

«Бул стандарттык оорукана болушу керек. Бүгүнкү күндө бир дагы имаратта оңдоо жүргүзүлгөн эмес, ал гана эмес канализация, жылуулук чордондору дагы оңдоодон өтө элек», — деди Баялинова.

Бишкектеги №1 шаардык оорукананын имараты өткөн кылымдын 1930-жылдары чехиялык «Интергельпо» кооперативи тарабынан курулган. Ал ыкчам хирургиялык жардам көрсөтүү боюнча стационар катары түзүлгөн, бирок убакыттын өтүшү менен көп багыттуу оорукана болуп калган.

2017-жылдын ноябрында №1 оорукананын жанына жаңы бейтапканынын имараты курулган. Клиникага кардиология, жүрөк-кан тамырлар хирургиясы жана гастроэнтерология багыты боюнча заманбап жабдыктар орнотулган. Оорукананын ачылышы жакынкы убактарга пландалууда.


ТЕМА БОЮНЧА: