Башкы прокуратура Орусиядан Саляновдун өлүмүнө шектүүнү экстрадициялоону суранууда

Кыргызстандын башкы прокуратурасы Орусиянын башкы прокуратурасына Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө шектүүнү экстрадициялоо боюнча сурам жөнөттү. Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген адам 17-январда Москвада кармалган.

Башкы прокуратуранын басма өз кызматы маалымдагандай, алардын Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүнү экстрадициялоо боюнча сурамы каралып жатат.

Саляновдун өлүмүнө шектелген адам 17-январда Москвада кармалган.

Бул иш боюнча биринчи шектүү 2017-жылдын 28-декабрында Бишкекте колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда андан үч магазин октору бар Макаров тапанчасы табылган.

Улан Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси, аны 2017-жылдын 6-ноябрында өз үйүнөн атып кетишкен. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон. Саляновдун туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан.

Милиция Саляновго кол салуу болгондон кийин дароо эле өлтүрүүнү «саясий иш эмес» деп билдирген, бирок маркумдун эжеси бул ишти «саясий» деп эсептеген.

Милицияда Улан Саляновдун өлүмүнүн негизги версиясын «карактоо» деп атаган.

Салянованын «Ата Мекен» партиясындагы үзөңгүлөштөрү менен укук коргоочулар саясий кылмыштуулук боюнча версияны колдоого алышкан, анткени кылмышкерлер өлтүрүлгөн Саляновдун үйүнөн эч нерсе алып кетишпеген.

Алар билдиришкендей, Саляновага 2015-жылы башкы прокурор болуп турган кезде коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.

Учурда Аида Саляновага каршы соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: