Жээнбеков өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын жазасын күчөттү

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Улан Асаналиев/«Азаттык»

Президент Сооронбай Жээнбеков айдоочулардын күнөөсүнүн айынан адам өлгөн жол кырсыктары үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Эми адамдын өлүмүнө күнөөлүү айдоочу беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

Жээнбеков мыйзамга 25-январда кол койду. Жазаны «жоопкерчиликти жогорулатуу жолу менен жол кырсыктарынын санын азайтуу» максатында күчөтүштү.

Бирок эми эреже бузуулар үчүн жазаны бир гана айдоочулар эмес, анын ичинде жөө жүргүнчүлөргө, андан тышкары, транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жооп бергендер үчүн дагы күчөтүштү.

Ошондой эле, мыйзамда «жазалардын санын кыскартуу, алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда» коррупциялык тобокелдер азайтылат деп жазылган.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, эгерде жол кырсыгында жабыркаган адам каза болуп калса, анда күнөөкөр үч жылга авто транспорт башкаруу укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде адамдын ден соолугуна анча оор эмес зазал келтирилсе, анда айдоочу жабыркаган адамга үч эсе өлчөмдө кун төлөп берип, үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы керек. Мындан тышкары, ал үч жылга эркинен ажыратылып калышы мүмкүн.

Бир нече адам каза тапкан болсо, айдоочу үч жылга чейин таранспорт башкаруу укугунан ажыратылып, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

Эгерде жол кырсыгы жаралган учуруда айдоочу мас же баңгизат колдонгон абалда болсо, анда ал айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылып, сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде ал окуя болгон жерден изин суутуп кетип, жабырлануучу каза болсо айдоочу үч жылга унаа башкаруу укугунан жана жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде жөө жүргүн же жүргүнчү эреже бузушуп, ошон үчүн жол кыймылынын башка катышуучусунун ден соолугуна оор же анча оор эмес зазал келтирилсе, анда ал үч эселенген штраф төлөшү керек болот. Ошондой эле, эгерде жөө жүргүн же жүргүнчүнүн эреже бузуусу адамдын өлүмүнө алып келсе, анда ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзам 5-февралда күчүнө кирет.

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев демилгелеген. Анын пикиринде, мыйзамдын мурдагы редакциясы «натыйжасыз» болгон.

«Жабыркаган адамдын өлүмү — этиятсыздык менен өлтүрүү. Бирок айыпталуучу же анын туугандары элдешүү укугун колдонуу менен каза болгон адамдын туугандарын сатып алууга барышууда. Көпчүлүк учурда туугандары баш ийишип, бул айыпталуучунун жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнө алып барууда», — деп эсептейт Бекешев.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Өкмөт жолдордо эреже бузууларды каттаган камераларды орнотууга кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимге кол койгон. Бийлик мындай жол менен жолдордогу өлүмдөр менен жол кырсыктарынын санын азайтууну максат кылышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: