«Бир Дүйнөнүн» укук коргоочулары Бишкек шаардык сотунда УКМКга утулуп калышты

Бишкек шаардык соту «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму менен УКМКнын ортосундагы тиреште атайын кызматтын тарабын карманды — укук коргоочулар мамлекеттик комитеттин «Бир Дүйнө» тарабынан «тинтүүгө жолтоо» боюнча билдиргени үчүн УКМКны сотко берди.

Бишкек шаардык соту өз чечимин 25-январда чыгарды — анда судья 2017-жылдын октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынын билдирүүсүн «чындыкка коошпойт» деп тааныган Биринчи май райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды.

УКМК 2017-жылдын январындагы през-релизинде «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» укук коргоочулары «тинтүүгө жолтоо кылышкан» жана Ошто кыргызстандыкты кармоо учурунда «ызы-чуу чыгарууга аракеттенишкен» деп билдирген.

Бирок учурда УКМК пресс-релизде алар «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму жөнүндө эмес өкмөттүк эмес уюм «Бир Дүйнө» жөнүндө айтканбыз деп көшөрүүдө.  

Бишкек шаардык соту УКМКнын келтирген жүйөөлөрүн алардын тарабына өтүп, мурдагы чечимди артка кайтаруу үчүн ишенерлик деп эсептеди.

Укук коргоо борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова өкүмдү жогору турган инстанция — Жогорку сотто даттанаарын маалымдады.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» менен УКМКнын ортосундагы тирешүү 2017-жылдын башында атайын кызмат Ошто кыргызстандыктын бирөөсүн экстремисттик ишмердүүлүккө шектеп кармагандан кийин башталган.

Анда кармалган адамды дароо окуя болгон жерге келген адвокат Валерий Вахитов коргой баштаган. Исмаилованын ырастоосуна ылайык, Вахитов ал учурда өзүн алардын уюму тарабынан көрсөткөн эмес, бирок УКМК өзүнүн пресс-релизинде «Бир Дүйнө — Кыргызстан» тарабынан «жолтоо кылуу» туурасында билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: