Бишкек ШИИБи: Январда сууктан улам 15 адам көз жумган

Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынан (ШИИБ) билдиришкендей, январда сууктан улам шаарда 15 адам көз жумган. Алардын бардыгы туруктуу жашаган жери жок адамдар болушкан. Жалпысынан январь айында милиционерлер эшикте сууктан улам тоңуп калуудан 85 адамды сактап калышкан.

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын начальниги Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, 1-январдан тартып 25-январга чейин шаарда сууктун кесепетинен 15 адам каза болгон. Маалыматка ылайык, алардын баардыгы туруктуу жашаган жери жок адамдар.

«Өткөн аптада рейд учурунда 239 адам аныкталды, алардын ичинен 22 адам "Коломто" жана башка социалдык баш калкалоочу жайларга жайгаштырылган. Дагы 25 адам коомдук тартипти бузуу жана башка майда эреже бузуулар үчүн кармалды», — деди Оморов.

Оморовдун айтымында, Бишкекте көчөдө суукка тоңуп жаткан адамдарга жардам берген милициянын атайын тобу иштеп жатат. Январь айында милиционерлер сууктан 85 адамды сактап калышкан.

«Бул адамдар кадимкидей эле жарандар. Мисалы, адам мас болуп, аялдамада уктап калган. Алардын бардыгы «Коломто» мекемесине жеткирилип жатат», — деп белгиледи басма сөз кызматтын начальниги.

Бишкек мэриясы маалымдагандай, калаада туруктуу жашаган жери жок адамдарга жардам берген төрт баш калкалоочу мекеме иштеп жатат. «Коломто» мекемесинде учурда ысык тамак жана убактылуу баш калкалоо жайы менен камсыздалган 78 адам бар.

«Ырайымдуулук борборунда (Центр милосердия)» учурда 38 адам — 20 аял жана 18 өспүрүм бар.

Свердлов районунун үйсүздөргө жардам көрсөтүү пунктуна 30га чукул адам, ал эми Октябрь районунукуна 47 адам жайгаштырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткенине байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү, ал эми Билим берүү министрлиги 31-январга чейин окуу процессин токтоткон.


ТЕМА БОЮНЧА: