Кыргызстан сууктун айынан Өзбекстанга электроэнергия берүүнү убактылуу токтотту

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев Өзбекстанга электроэнергия экспорттоо токтотулганы жөнүндө билдирди — экспорттоо Кыргызстанда аба ырайы жакшыргандан кийин жанданат.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» басма сөз катчысы Аман Калыбеков «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Өзбекстанга электроэнергия экспорттоо 26-январда токтотулган жана ага Кыргыстандагы суук аба ырайы себеп болгон.

«Электроэнергиясын экспортко чыгаруу аба ырайынан көзкаранды. Бул келишимде жазылган. Аба ырайы жакшыраары менен электроэнергияны экспорттоо жанданат», — деди Калыбеков.

Ал экспорттоо болжолдуу качан жанданаары жана аны токтотуу Өзбекстанга кандай таасир эте турганы жөнүндө айткан жок.

Кыргызстан менен Өзбекстан электроэнергиясын экспорттоо боюнча келишимге 2017-жылдын октябрында кол коюшкан. Экспортоонун өзү 2017-жылдын декабрында башталган жана 2018-жылдын март айына чейин уланат.

Кыргызстан Өзбекстанга бир килловатына 0,024 доллар баасы менен 550 млн кВт/с сатууну пландап жатат.

Кыргызстанда аба ырайы 26-январда кескин түрдө өзгөрө баштаган — мисалы, Чүй өрөөнүндө күндүзгү убакыттарда абанын температурасы Цельсий боюнча -15 градусту түзгөн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) суук аба ырайы бери эле дегенде 29-январга чейин сактала турганы жөнүндө билдирген.

«Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.