Видео: Москвада эки кыргызстандыкты унаа сүзүп, ооруканага жаткырылды

Москва шаарында Баткен облусунда туулган эже-синдини унаа коюп, алар ооруканага жаткырылган. Кырсыктан оор жараат алган кыздардын биринин операциясына каражат изделүүдө.

Орусиянын Москва шаарында 21-январь күнү кечинде 18 жана 21 жаштагы кыргызстандык Албина жана Жасмина Исмайылжановаларды «Москвич» үлгүсүндөгү унаа койдуруп кеткен.

Алар Кашира районунун борбордук ооруканасына жаткырылып, бирөөсүнүн — Албина Исмайылжанова — бутуна операция жасалган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү «Клоопко» кабарлагандай, жабырлануучулардын жакындары 18 жаштагы Исмайылжанованын көзүнө жасалчу операциясына 200 миң рубль акча каражатын издөөдө.

«Диний башкармалыкка кыздардын эжеси 25-январда кайрылып, кырсыктан жабыркаган Жасмина Исмайылжанованын көзүнө жасалчу операциясына 200 миң рубль керектелгенин кабарлаган», — деп маалымдашты өкүлчүлүктөн.

Башкармалык билдиргендей, Исмайылжанованын көзүнө жасалчу операциясына коомчулук 70 миң рублдан ашуун акча каражатын которгон.

Кырсыкка кабылган кыргыз жарандарынын эжеси «Клоопко» маалымдагандай, милиция кыздарды унаа менен сүзгөн айдоочуну кармаган. Анын айтымында, учурда окуяга карата юридикалык баа берилүүдө.

Москвада эмгектенип жүргөн Исмайылжановалар Баткен облусунан болушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: