Францияда «Кентавр» кыргыз тасмасы көрсөтүлөт

Франциянын кинотеатрларында 31-январдан тарта кыргыз режиссёру Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы көрсөтүлө баштайт. Тасма 30 кинотеатрга коюлуп, анын DVD версиясы да чыгарылат.

Кинематография депатраментинен кабарлашкандай, Франциянын Epicentre Films дистрибьютору кыргыз тасмасын прокатка январдын аягынан чыгара баштайт.

«Кентавр» Франциянын 30 чоң экранында көрсөтүлүлөт. Кинопрокат аяктагандан кийин тасманын DVD версиясын чыгаруу пландалууда.

Режиссёр Актан Арым Кубат француз көрармандарына 22-26-январда премьерага чейинки бөлүктө «Кентавр» тасмасын тааныштырган. Бул көрсөтүүлөр Франциянын Париж, Шартр, Тулуза жана Мотрее сыяктуу бир нече шаарларында өткөн.

Биринчи көрсөтүү Париждин эң мыкты залдарынын бири Cinemades Cineastes өткөн, кеченин модератору белгилүү француз режиссёру Жерар Кравчик болгон.

Мындан тышкары, «Кентавр» тасмасы февралда Везулдагы эл аралык азия кинофестивалынын жабылыш аземинде көрсөтүлөт.