Бишкек: Сууктан улам бала бакчалар 30-январга чейин жабылды

Шаар мэриясы сууктун айынан бала бакчаларды 29-январдан 30-январга чейин жапты. Бала бакчаларды мектептерден кийин жабылды. Билим берүү министрлиги окуучуларды сууктан улам 31-январга чейин каникулга жөнөткөн.

Калаа мэриясы маалымдагандай, шаардын бала бакчалары сууктан улам 29-январдан 30-январга чейин жабылат.

Билим берүү министрлиги суук аба ырайынан улам «балдардын саламаттыгын сактоо максатында» 26-январдан тарта 31-январга чейин мектептерде окуу процессин токтоткон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январда абанын температурасы кескин төмөндөп кеткени боюнча маалымат тараткан. Республиканын айрым аймактарында суук аба ырайы 30-январга чейин сакталат, ал эми өлкөнүн башка райондорунда абанын температурасы -40градуска чейин төмөндөйт.

Бишкектеги аномалдуу суук калаанын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга туш келип калган — бул себептүү шаардын борбордук жылытуу чордону начар иштеп жатат. ЖЭБдин жетекчилиги бардык көйгөйлөрдү 29-январга чейин жоюуну убада кылган, бирок шаардыктардын батирлерине жылуулук мурдагыдай деңгээлде жетпей жатат.

«Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.


ТЕМА БОЮНЧА: