Күндүн сүрөтү: Бишкек ЖЭБиндеги буу казандарды кантип жылытышууда?

Бишкектин жылуулук берүү борборунун эски корпусундагы буу казандын ылдыйкы бөлүмү. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Батирлерде температура кескин төмөндөп, электр жарыгы менен жылуу суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган. ЖЭБдин өкүлдөрү ишкананын эски корпусундагы жабдык бузулган деп ырасташууда.

ЖЭБдеги авария аномалдуу суук аба ырайына туш келип калган. Күндүзү абанын температурасы -10 градустан ашпай, ал эми түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда.

Өкмөттөн 28-январь күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария жоюлганын жана жылуулук үйлөргө бир сутка ичинде акырындап берилээрин билдиришкен. Бирок эртеси күнү 29-январда дагы бир авария болгон, анда кошумча агрегатты кошууда түтүк жарылып кеткен.

«Бул бузулуу аба ырайына байланыштуу. Дал ошо абанын температурасы -20 градус болуп жаткандыгы себеп. Учурда кошууга башка №23 жылытуу агрегатын даярдап жатышат», — деп билдиришкен Улуттук энергохолдтингден.

2017-жылдын августунда Бишкек ЖЭБинде 24 жылытуу агрегатынын ичинен төртөөнү модернизациядан өткөрүшкөн. Модернизация иштерин кытайдын TBEA компаниясы 386 млн долларга аткарган.