Кош келиңиздер, «Енот»

Саламатсыздарбы, кымбаттуу окурмандар!

Биз бүгүнкү күндөн тарта Бишкектеги «Енот» басылмасы менен биргеликте иштей баштадык — алар «Клооптун» бир бөлүгү болуп калуу менен бирге өзүнчө сайтка жана редакцияга ээ болгон басылма катары кала берет.

Бул эмнени билдирет?

«Енот» менен кызматташуу, биринчи кезекте, биз Бишкектин күн тартибиндеги темалардын жана материалдардын үстүндө чогуу иштешебиз дегенди жана бул материалдар, сизге, кымбаттуу окурман, түздөн-түз тиешеси бар экенин билдирет.

Биз Бишкек жөнүндө тереңдетилген материалдарды көбүрөөк чыгарып турууга аракет кылабыз. Материалдарыбызда борбор калаадагы кызыктуу адамдар менен компаниялар, эмне үчүн кандайдыр бир нерселер башкача эмес, дал ушундай экени жана Бишкектеги жашоону кантип жакшыртса болоору тууралуу баяндайбыз.

Жумуш биргелешип даярдалган материалдар менен чектелбейт — бул, албетте, билимибиз менен алмашуу, келечекте биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана бири-бирибиздин материалдардын сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

Биз эмне үчүн бул кадамга бардык?

Бизге «Еноттун» буга чейин эмне менен алектенип келатканы, кантип материалдардын үстүндө иштегени, дайыма керектүү материалдарды жасап, өз окурмандары үчүн чынчыл болууга аракет кылганы жагат.

Биз Бишкек шаарына — шаардагы акыркы жаңылыктар же кайсы жерде жана кантип кызыктуу убакыт өткөрүүгө болоору тууралуу айтып берген — сайт же супергерой блог керек деген «Еноттун» идеясына кошулабыз.

Биздин биргелешкен ишибизди кантип атоо өз эркиңизде — кызматташтык же өнөктөштүк, же болбосо кандайдыр бир башка нерсе да болушу мүмкүн. Биз үчүн эң башкысы — эки редакциянын баалуулуктары бир экени жана биргеликте иш алып барууга болгон умтулуусу маанилүү.

Урматым менен,

«Клооптун» башкы редактору Элдияр Арыкбаев.