Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн Шадиев менен Калиев да кечирим сурашты

Аскарбек Шадиев

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн шаар тургундарынан кечирим сурашты. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков да бишкектиктерден кечирим сураган.

30-январда Бишкек ЖЭБинде биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин катышуусунда парламенттик комиттетин көчмө жыйыны өттү.

Жыйын учурунда ал жылуулук берүү борборундагы авария үчүн шаардыктардын алдында кечирим сурады. Андан тышкары, Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы да өз кечиримин сураган.

Улуттук энергетикалык холдингдин басма сөз катчысы Аман Калыбеков «Клооптун» кабарчысына маалыматты тастыктады — анын айтымында, энергетикалык компаниялардын башка жетекчилери да кечирим сурашкан.

«Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жеке өзү кечирим сурады», — деди Калыбеков.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн алгачкылардан болуп кечирим сурап, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну убада кылган — бул боюнча ал 29-январда билдирген.

Исаков жазага энергетикалык тармакка жооптуу жетекчилер тартылат деп белгилеген. Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: