Кара-Сууда койчу өзүн атып алып, каза болду

Ош облусунун Беш-Карам айылында кой айдап бараткан тургун мылтыгы менен өзүн көкүрөк тушка атып алып, ооруканага жетпей каза болду. Ош облустук милиция окуяны «кокустук» деп баалады.

Окуя 29-январь күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Беш-Карам айылында жүз берген. Койлорун айдап бараткан айылдын 55 жаштагы тургуну үрүп чыккан иттерди кууп атып тайгаланып, мылтыгынан ок чыгып кеткен.

«Койлорун айдап бараткан жарандын алдынан иттер үрүп чыгышканда, аларды коркутуу максатында кууп жөнөгөн. Тайгаланып кеткен жарандын көкүрөгүнө өз мылтыгынан ок атылып кеткен», — деди Ош облустук милициясынын басма сөз борборунун кызматкери Жанна Сатарбаева.

Оор жаракатынан улам койчу ооруканага жетпей каза тапкан. Басма сөз катчы койчу алып жүргөн куралдын мыйзамдуулугу териштирилип жатканын кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуяны «кокустук» катары каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган.


ТЕМА БОЮНЧА: