Прокурорлор Жумакадыровдун өлүмү үчүн айыпталган айдоочуну 11 жылга кесүүнү суранышты

Мамлекеттик айыптоо Афтандил Таалайбек уулун 11 жылга абакка кесүүнү суранышууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, анын оор жүк унаасы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун автомашинасы менен сүзүшүп, натыйжада бул аткаминердин жана эки адамдын өлүмүнө алып келген.

Айыптоо Таалайбек уулунун күнөөсү «толугу менен далилденди» деп эсептейт — бул боюнча 30-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунун отурумунда прокурор билдирди. Оор жүк унаасынын айдоочусун 11 жылга жатак абагына кесүүнү суранышты.

Таалайбек уулунун адвокаты соттон камакка алуу менен байланышы жок жаза өкүмүн дайындоону суранды — анын пикиринде, анын коргоого алган адамы «байкоосуздан улам» жол кырсыгына себепчи болгон.

«Жол кырсыгынан кийин ал талкаланган машинадагы адамдарды сактап калууга аракет жасаган. Бул күтүлбөгөн кырсык. Өкүм чыгарууда анын жаш экенин эске алууну суранам», — деп келтирди авдокаттын сөзүн «Кактус» басылмасы.

Сот кийинки отурум 2-февралда болоорун жарыялады — анда айыпталуучу акыркы сөзү менен чыга алат. Таалайбек уулу 25-январдагы отурумда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

«Ошол таңда байкем экөөбүз Бишкекке келе жатканбыз. Жолдо мен "Жигулини" ашып өтөйүн дегем, жолдун каршылаш тилкесине чыгып, алыстан жолтандабасты көрүп калдым. Ага фаралар менен белги берип жатттым, бирок кеч болуп калган эле. Жолдун чекесине чыксам, жолтандабас дагы мен КамАЗ менен бурулган жакка чыга калды. Натыйжада сүзүштүк», — деп айтып берген ал.

Жумакадыров жана анын айдоочусу менен жардамчысы 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек — Кара-Балта жолунда каза болушкан. Жумакадыровдун машинасы, күбөлөрдүн айтымында, жолдун каршылаш тилкесине чыга калган КамАЗ менен сүзүшкөн.

Шайлоо өнөктүгүнө чейин Жумакадыров жол кырсыктарынын саны өсүп кеткендиги үчүн жол коопсуздугуна жооптуу болгон.

Учурда өкмөт жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган байкоо камераларын орнотууну шарттаган «Акылдуу шаар» долбоорун киргизип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: