Сапар Исаков бишкектиктерге жылуулук 16:00дө берилээрин убада кылды

Премьер-министр Сапар Исаков 30-январда саат 16:00гө чейин бийлик жылуулук берүүнү калыбына келтирээрин жана «бардык батирлерде жылуу болоорун» убада кылды.

Исаков «Ачык өкмөт» конференциясында билдиргендей, Бишкектин батирлерине жылуулук берүүнү саат 16:00гө калыбына келтиришет.

«Саат 16:00гө жакын батирлерде жылуу болот. Алыскы жана жакынкы райондор бар. Бул суу жетиши керек. Жашоодо ар нерсе болот, кайгы да, жакшы күндөр да болот. Албетте, ЖЭБде болгон нерсе бардыгы үчүн, биринчи кезекте өкмөт үчүн сабак болду. Бул Кыргызстан өлкөнүн энергетикалык тармагы туурасында ойлонушу керек экенин тастыктап турат», — деп билдирди ал.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клоопко» бул маалыматты тастыктады — анын айтымында, Бишкек ЖЭБинде жылуулук берүүнү камсыздоо үчүн кошумча от казанды кошуулары керек болчу.

Кабылова батирлерде жылуулук акырындык менен пайда болоорун түшүндүрдү.

«От казан азырынча жылытылып жатат, ал жакта жылуулук дароо жете тургандай процесс эмес — ысык суу акырындык менен түтүктөргө бөлүнөт», — деп түшүндүрдү ал.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан улам кескин төмөндөй баштаган. Авария катуу суук аба ырайына туш келип калган — соңку бир нече күндө Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин суук жүрүүдө.

Мындан тышкары, жылуулук берүүнүн төмөндөшү электр жарыгынын берилишин үзгүлтүккө учураткан — бишкектиктердин жарымы дагы эле электр жарыгынын өчүрүлүшүнө арызданышууда.