Бишкектин Ош базарындагы өрт. Бул кандай болду?

2017-жылдын 30-январында Ош базарынын жанында өрт чыгып, «Сейтек» соота түйүнүндөгү павильондор күйүп кеткен. Өрттүн айынан каза тапкандар жок. Өрт өчүрүү кызматы тилсиз жоону чектей алган.

Маалымат саат 16:38де жаңыртылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, учурда өрттүн жайылып кетүү коркучу жок. Бирок ошого карабастан, өрт өчүрүү кызматы тилсиз жоонун кесепеттерин жоюу менен алектенишүүдө.

 

«АКИпресс» басылмасынын журналисттери дрондун жардамы аркылуу өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен кантип күрөшүшкөнүн видеого тартып алышкан.

«Клооптун» кабарчысы Айдай Эркебаеванын айтымында, учурда өрт чыккан жерде «сасык жыт» турат.

«Клооптун» кабарчысы Айдай Эркебаева маалымдагандай, өрт өчүргүчтөр айрым сатуучуларга өрттөн аман калган өндүрүмдөрүн жыйыштырып кетүүгө уруксат беришкен.

ӨКМдин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына өрттү азырынча чектөөгө алуу мүмкүн болбогонун маалымдаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Калыс Ахматов «АКИпресс» басылмасына кабарлагандай, өрттөнгөн жердин аянты 3,5 миң чарчы метрди түзөт — бул, болжолдуу, кадимки футбол талаасынын жарым аянты.

«Клооптун» кабарчысынын маалыматына ылайык, өрт чыгуу басаңдаганы менен абдан коюу түтүн чыгып жатат.

Сатуучулардын айтымында, өрттөн улам базарда электр жарыгы саат 9:00дө эле өчүрүлгөн.

Тилсиз жоону өчүрүп жаткан өрт өчүрүү техникасынын саны 10го жетти.

Тез жардам кызматы газга ууланууга арызданган эки адамды алып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт саат 8:30да чыккан — Ош базарынын администрациясы адамдарды эвакуациялай баштаган, ал эми өрт өчүрүү кызматынын биринчи машинасы болжолдуу саат 9:30да келген.

«Клооптун» кабарчысы маалымдагандай, милиция Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин Бейшеналиева көчөсүн жапкан.

Учурда өрт чыккан жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү барды.

Бороновдун айтымында, өрттүн келип чыккан себептери азырынча белгисиз — өрт өчүргүчтөр өрт зымдардын чукул туташып кетүүсүнөн улам чыккан деп божомолдошууда.

ӨКМ өрттү өчүрүү боюнча ыкчам штаб түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Сейтек» базарынын павильондору күйүп кеткен.

«Билдирүү 9:48де түшкөн. Окуя болгон жерге беш өрт өчүрүү техникасы жөнөтүлдү», — деп маалымдашты мекемеден.

«Клооптун» кабарчысы Эмил Султаналиев өрт чыккан жерде — анын атймында, павильондун ээлери товарларды сактап калууга аракет кылышууда.

«Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону өчүрүп жатышат. Ошондой эле, бул жерде милиционерлер жана тез жардам кызматтары иштеп жатышат», — деп билдирди окуя болуп аткан жерден Султаналиев.