Сот депутат Исаевди февралдын аягына чейин камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Канатбек Исаевди февралдын аягына чейин камакта калтырды. Ага «бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деген иштин негизинде айып тагылган.

Депутаттын аялы Жамиля Исаева «Азаттык» үналгысына маалымдагандай, анын жолдошун 28-февралга чейин изолятордо калтырышкан — сот бул чечимди саясатчыга карата тергөө уланып жатканы менен түшүндүргөн.

Депутатты өткөн жылдын 30-сентябрында «бийликти күч менен басып алууну» даярдоо айыбы боюнча кармашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев эгерде 15-октябрдагы шайлоодо президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов утулуп кала турган болсо «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүүгө барган».

Ал эми Бабанов 1-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында, Исаевди анын тарапташы болуп, ага колдоо көрсөтүп жүргөндүгү үчүн кармашканын билдирген.

Исаевге 4-январда мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатуу жана жасалма келишимдерди түзүү айыптары боюнча 9 жылга абакка кесүү өкүмү чыккан. Башында анын жаза өтөө мөөнөтүү 12 жылды түзгөн, бирок ал мунапыс боюнча кыскартылган.

Саясатчы 2008-2010-жылдар аралыгында Токмоктун мэри болуп турган кезде Токмокто муниципиалдык базар жана автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүү боюнча күнөөлүү деп табылган.

Исаев өзү билдиргендей, ага карата кылмыш иши «саясий мүнөзгө» ээ.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сос системасы "Ак үйдүн" буйругу менен иштейт. Эртеби-кечпи баары бир бардыгы жооп беришет, бардык соттор өз аракеттери үчүн жооп бере турган убакыт келет. Урматтуу сот, мен сизди адилеттүү өкүм чыгара алат деп ишенем», — деп билдирген Исаев.

Исаевдин адвокаты Бакыт Осмоналиев анын коргоого алган адамына каршы иш «тергөөчүлөрдүн фантазиясы менен түзүлгөн» деп билдирип, өкүмдү даттанган.


ТЕМА БОЮНЧА: