Сууктан улам окуучулардын каникулу 3-февралга чейин узартылды

Билим берүү министрлиги катуу суукка байланыштуу Кыргызстандын мектептеринде сабактарды 3-февралга чейин токтотту — окуу процесси кийнки дүйшөмбүдөн тарта улана баштайт.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, мекеме мектеп окуучулары үчүн каникул убактысын 31-январдан 3-февралга чейин узарткан.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарына ылайык, жакынкы күндөрдө абанын температурасы төмөн бойдон сакталат», — деп айтылат министрликтин кабарында.

Бул Билим берүү министрлигинин январь айынын ичинде мектептерде окуу процессин жылдырган экинчи учур — бул айда мектептеги каникул 26-январдан 30-январга чейин жылдырылган.

Министрликтин маалыматына ылайык, каникулдар азырынча мектептерге гана тийиштүү — бала бакчалар окуу процессин токтотуу боюнча чечимди жергиликтүү бийликтер менен биргеликте кабыл алышат. Ал эми жогорку окуу жайлар жадыбалын өз алдынча аныкташат.


ТЕМА БОЮНЧА: