Токтогулда тилсиз жоодон сарайдагы 30 баш кой өрттөндү

Жалал-Абаддын Токтогул шаарында малканадан чыккан өрттөн 30 баш кой, 300 таңгак чөп жана чатыр күйүп кеткен. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз.

Токтогулдун Черняцкая көчөсүндөгү сарайда 29-январь күнү өрт чыгып, 30 баш кой тирүүлөй күйүп кеткенин ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкери Азизбек Багишев «Клоопко» маалымдады.

«29-январдын таңында 39 жаштагы жарандын малканасынан өрт чыгып кеткен. Тилсиз жоодон 30 кой, 300 таңгак чөп жана 104 чарчы метр аянттагы чатыр күйгөн», — деди Багишев.

ӨКМнин Токтогул шаардык бөлүмүнүн нөөмөтчүсү Гүлшан Бекболотова өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылганын «Клоопко» кабарлады.

«Короодогу тогуз бука жана төрт койду сактап калууга мүмкүн болгон», — деп кошумчалады Бекболотова.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: