Бишкектин Ош базарындагы өрттөн дээрлик 120 соода түйүнү күйүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) маалымдашкандай, Бишкектин Ош базарырындагы чыккан өрт 118 соода түйүнүн кыйраткан. Өрттүн жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзгөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Сейтек» жана «Берекет плюс» базарларында чыккан өрттүн натыйжасында 118 соода түйүнү күйүп кеткен — эки базар тең Ош базарынын жанында орун алган.

ӨКМдин баасы боюнча, өрттүн жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзгөн — бул кадимки футбол талаасынын дээрлик жарым аянты.

Ош базарындагы өрт 30-январь күнү эртең менен башталган — күбөлөрдүн айтымында, өрт болжолдуу саат 8:30дар чамасында чыгып, ал эми аны саат 10го жыкын өчүрө башташкан.

Өрт өчүрүүгө 12 техника тартылган. Саат 12:28де өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону чектей алышкан, ал эми аны кечке маал саат 18:29да толугу менен өчүрүү мүмкүн болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубаткек Боронов өрттүн келип чыгышына зымдардын тийишип кеткени себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

Өрт учурунда зыян тарткандар болгон эмес, бирок эки адам газга ууланып медициналык жардамга кайрылышкан. Сатуучулар чыгымга учурап, сатыктагы өндүрүмдөрүн өрттөн сактоого аргасыз болушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: