Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборунун башчысы кызматтан кетирүүнү сунуш кылды

Бишкек ЖЭБи

Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингге Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директору Нурлан Өмүркул уулу менен «Электр станциялар» ишканасынын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жумуштан бошотууну сунуштады.

Өмүркул уулу менен Боркоевди кызматтарынан четтетүү боюнча 30-январь күнү кечинде белгилүү болду — өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Улуттук энергетикалык холдингге бул аткаминерлерди ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуш кылган.

Ошондой эле, авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери жана көзкарандысыз эксперттер кире турганын өкмөттүн басма сөз кызматы кошумчалады.

«Өз милдеттерине шалаакы мамиле кылуунун натыйжасында Бишкек шаардык ЖЭБи ишиндеги бузулуулар орун алгандыгына күнөөлүү жактарды жазалоо боюнча кийинки аракеттер ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы аркылуу кабыл алынат», — деп маалымдады басма сөз кызмат.

ЖЭБдин директору менен «Электр станциялар» ишканасынын жетекчисинин орун басарын кызматтан четтетүү 26-январда жылуулук берүү борборундагы болгон аварияга байланыштуу — бул окуя Бишкектин көп батирлүү үйлөрүндө температуранын төмөндөшүнө алып келип, шаардыктардын нааразылыгын жараткан.

ЖЭБдеги авария Бишкектеги суук аба ырайына туш келип калган.

Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтирилди — бирок калктын жарымы электр жарыгы маал-маалы менен өчүп атканына жана жылуулуктун жоктугуна арызданышууда.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн алгачкылардан болуп кечирим сурап, «жазага ээлеген кызматтарына карабастан бардык күнөөлүүлөр тартылат» деп убада берген.

Башкы прокуратура да Кылмыш-жаза кодексинин «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: