Аксыда жабылган шахтада көмүр казган тургунду таш басып каза тапты

Жалал-Абаддын Кара-Тыт айылындагы жабылган шахтада көмүр казып аткан 26 жаштагы эркек кишини төрт тонна таш басып көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) казуу иштери мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн билдирди.

ӨКМнин кызматкери Азизбек Багишев «Клоопко» маалымдагандай, окуя Аксынын Кара-Тыт айылындагы мурда көмүр казылып жүрүп кийин жабылып калган шахтада 31-январь күнү болгон.

ӨКМнин өкүлүнүн айтымында, кошуна айылдын төрт тургуну шахтага кирүүгө тыюу салынган белгилерге жана тосмолорго карабай казуу иштерин мыйзамсыз жүргүзүшкөн.

Казуу учурунда алар шахтанын өтмөктөрүн кармап туруучу көмүр кыртышына тийип кетишип, жыйынтыгында 26 жаштагы жарандын үстүнө төрт тонналык таш кулап каза тапкан.

«Куткаруу иштерине кечки саат бештерде 12 кызматкер тартылган. Беш сааттан соң сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди», — деп билдирди Багишев.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын «Клооптун» журналистине билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: